Өлкөдө 6 миңден ашуун жаран кесиптик билим алды
Кыргызстанда 6 миңден ашун жаран эмгек рыногунда кеңири талапка ээ болгон кесипке окутулду. Бул тууралуу 30-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, окутуу республикалык бюджеттин эсебинен жана донордук долбоордун алкагында жүргүзүлгөн.
“Жумушсуз жарандарды окутуу, кайра окутуу жана кесиптик билимин жогорулатуу калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүдөгү активдүү чаралардын бири болуп саналат. Окутуу иштери Агартуу министрлигинин алдындагы кесиптик лицейлерде, ошондой эле мыйзам талаптарына ылайык тендерден өткөн жана окутуу үчүн зарыл шарттары бар жеке окуу жайларда жүргүзүлөт. Аталган окуу жайлар менен бир жылдык мөөнөткө келишимдер түзүлөт”,- деди Туркебекова.
Министриликтин билдирүүсүнө ылайык, азыркы тапты эмгек рыногунда жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору.
“Окутуу курстары кесиптин өзгөчөлүгүнө жараша 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөттө өткөрүлөт. Мисалы, курулуш тармагында ширетүүчү кесибине суроо-талап жогору болгондуктан, бул багытта адистер 3 айлык окуу курстарында даярдалат. Калган кесиптер боюнча окутуунун мөөнөтү адистиктин өзгөчөлүгүнө жараша 1 же 2 айды түзөт”,- дейт ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















