Нарында топуракты изилдеген лаборатория ишке киргизилди
Нарын облусунда топуракты изилдеген агрохимиялык лаборатория ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, фермерлерге жер тилкелериндеги топурактын курамын жана агрохимиялык көрсөткүчтөрүн изилдөөгө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
"Жаңы жабдуу алынган маалыматтын негизинде жер семирткичтерди туура колдонууга жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө агротехникалык чечимдерди туура кабыл алууга шарт түзөт. Ал Нарын шаарында жайгашты",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, облуска топуракты жеринде изилдөөгө арналган көчмө лабораториялык топтом биринчи жолу жеткирилди. Бул фермерлердин жеринин абалын жеринде баалап топурактын курамына жараша тиешелүү чараларды көрүүгө шарт түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















