Ар тармактын 174 өкүлүнө мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
Бүгүн, 30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ардактуу наамдарды жана грамоталарды тапшырды. Бул туралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сыйлыктарга жалпысынан 174 адам ээ болду, алардын ичинен 93үнө ардактуу наамдар ыйгарылды.
Төрага иш-чаранын катышуучуларын татыктуу сыйлыгы менен куттуктады.
"Өз сөзүмдү бир суроодон баштагым келип турат: Кыргызстанды ким куруп жатат? Бул суроого жоопту биз бүгүн ушул залдан көрүп турабыз. Биздин өлкөнү өзүнүн жан аябас эмгеги менен эл, анын ичинде сиздер куруп жатасыздар. Иш-чарага көп кесиптин 174 өкүлү чогулду, алардын 93ү Министрлер кабинетинин ардак наамдарына татыды. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан ар бириңиздерди сыйлыктарыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!", – деди ал.
Төрага билим берүү жаатындагы адамдарга дагы көңүл буруп, аларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ошондой эле ал маданият жана искусство, экономика, каржы, салык жана бажы ишмердүүлүгү, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу тармагында иштеген адистердин, санариптик технологиялар, энергетика, геология тармактарынын өкүлдөрүнүн, өнөр жай кызматкерлеринин, эмгек ардагерлеринин, сыйлык алган аскер кызматкерлеринин салымын белгиледи.
Белгилей кетсек, Касымалиев 21-сентябрда сыйлоо тууралуу тескемеге кол койгон. Министрлер кабинетинин 23 ардак наамы бар. Алардын арасында "Эмгек сиңирген артист", "Эмгек сиңирген дарыгер" жана "Илимге эмгек сиңирген ишмер" наамдары бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















