Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды
Ички иштер министрлиги бүгүн, 30-сентябрда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалганын билдирди.Маалыматка ылайык, 50 жаштагы шектүү Ысык-Көл облусунун тургуну.
Анын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасына жана жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 60 даана таңгакталган жалпы салмагы 970 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган. Ал боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.
Шектүү камакка алынып, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2026-09-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















