Flydubai учагынын учкучу аны кыйроого багыттоого аракет кылганы айтылды
Flydubai авиакомпаниясынын Дубайдан Тель-Авивге учкан учагында пилоттордун ортосунда чыр чыгып, алардын бири Boeing 737 учагын атайылап кыйроого багыттоого аракет кылганы тууралуу маалымат тарады.
Израилдик 14-каналдын маалыматына караганда, бүгүн, 30-сентябрда пилот учакты 30 миң фут бийиктиктен 15 миң футка чейин кескин төмөндөтүп, тик ылдый багыттаган. Экинчи учкуч аны токтотууга аракет кылып, экөөнүн ортосунда мушташ чыккан.
Окуядан кийин учакта өзгөчө кырдаал сигналдары берилген. Андан соң учак Сауд Арабиясынын Табук шаарына чукул конгон. Учактагы бардык жүргүнчүлөр аман-эсен экени кабарланды.
Flydubai авиакомпаниясы борттогу окуяны тастыктап, тиешелүү органдар менен биргеликте иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:02
2026-09-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















