super.kg logo
  Спорт  

Роналду Португалия курамасындагы кырдаалга нааразы болгону айтылды

 

Португалиянын футбол боюнча улуттук курамасында Криштиану Роналду менен машыктыруучулар штабынын ортосунда пикир келишпестик жаралганы тууралуу маалымат тарады.

Record басылмасынын маалыматына караганда, Норвегияга каршы беттеште Роналду оюнга алмаштыруучу катары чыгууну күткөн. Машыктыруучу ага болжол менен 30 мүнөт ойноого мүмкүнчүлүк берерин айткан, бирок футболчу талаага чыгарылган эмес.

Оюн бүткөндөн кийин Роналду күйөрмандарга ыраазычылык билдирбестен кийим алмаштыруучу жайга кеткен. Ал эми шаршемби күнү команданын жалпы машыгуусуна катышпай, мейманканада өзүнчө машыкканы кабарланды.

Португалиянын Футбол федерациясынын президенти команда жайгашкан жерге шашылыш учуп келгени айтылууда. Ал эртең Роналду жана машыктыруучу Жезуш менен жолугуп, кырдаалды талкуулай турганы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: