super.kg logo

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

 

Бишкекте уй жана кой этинин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында соода түйүндөрүндө рейддик иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Рейддер райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөр базарларда, кичи базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода жайларында өтүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө эттин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилүүдө. Ошондой эле соодагерлерге бааны негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги жана белгиленген талаптарды сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүүдө.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, төрт кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилген. Свердлов районунда уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлсө, Ленин районунда рейддер «Ош базары» соода-базар комплексинин аймагында өткөрүлгөн.

Биринчи Май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейддик иш-чара жүргүзүлгөн.

Свердлов районунда соодагерлерге сунушталган баалар боюнча уй этинин 1 килограммы 770 сом, кой этинин 1 килограммы 880 сом экени айтылды.

Мындан тышкары, соода субъекттерине ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана соода жүргүзүүгө тиешелүү шарттарды камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мониторингдин негизги максаты — базардагы туруктуулукту камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: