Бишкекте эки чет элдик жаран кармалды
Бишкекте жасалма документтерди даярдоо жана пайдаланууга шектелип 24 жана 23 жаштагы чет өлкөлүк жарандар кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат алар бүгүн, 1-октябрда колго түшүшкөнүн белгиледи. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш ичи ачылып, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилишкен.
Учурда окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2026-09-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















