Азия оюндары: Таалайбек Байышев коло медаль үчүн беттешет
Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында жиу-житсу боюнча Таалайбек Байышев коло медаль үчүн күч сынашат.Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 1-октябрдагы маалыматы боюнча, ал 62 килограммга чейинки салмакта беттешке чыгат. Байышев алгачкы беттеште Таиланддын өкүлү Сувижак Кунтонгду 2:2 эсебинде артыкчылык менен жеңген. Кийинки баскычта Бахрейндин өкүлү Абдулла Али Абдулланы 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.
Ал эми чейрек финалда Байышев Сауд Арабиясынын өкүлү Абдулмалик Мохаммед Аль-Мурдхини 2:0 эсебинде утса,
жарым финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Омар Аль-Сувайдиге 0:4 эсебинде жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















