Азия оюндары: Акжол Махмудов өлкө куржунуна жетинчи колону алып келди
Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн коло медаль жеңди.
Ал бүгүн, 1-октябрда үчүнчү орун үчүн кытайлык балбан менен күч сынашып, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Махмудов буга чейин көңүл жубатуучу беттеште казакстандык Демеу Жадраев менен кез келип, аны 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Анткени эки балбан тең япониялык Ноа Кусакага жеңилип калышып, Кусака финалга чыкканы үчүн алар көңүл жубатуучу беттешке чыгышкан.
Акжол Махмудовдун жеңиши өлкө куржунуна Азия оюндарындагы жетинчи колону алып келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















