Азия оюндары: Жоламандын алтыны Кыргызстанды өйдө көтөрдү
Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын медалдык жадыбалында Кыргызстан 25-орунга жайгашты. Буга бүгүн, 1-октябрда Жоламан Шаршенбеков уткан алтын медаль себеп болду. Жалпы өлкө куржунунда 1 алтын, 2 күмүш, 7 коло байге бар.
Кечээ Кыргызстан 27-сапта болчу. Бирок бүгүн эртең менен 29-сапка түшүп калган. Учурда Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 16 алтын, 21 күмүш, 19 коло медаль менен төртүнчү орунда турат. Ал эми Казакстан 9 алтын, 9 күмүш, 35 коло байге менен тогузунчу, Тажикстан 2 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль менен 20-орунда. 2 күмүш алган Түркмөнстан 30-сапка жайгашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















