super.kg logo

Нарын шаарындагы №18 бала бакчанын тепкичин оңдоодо кемчиликтер аныкталды

 

Нарын шаарындагы №18 «Ак-Дил» бала бакчасынын кире беришиндеги тепкичти капиталдык оңдоо иштеринде бир катар кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган кемчиликтер боюнча Нарын шаардык мэриясына жана подрядчы «Нарын ПромСтрой» ЖЧКсына жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Долбоор 2026-жылы башталган. Анын жалпы сметалык баасы 2 миллион 754 миң 730 сомду түзсө, мэрия менен подрядчынын ортосундагы келишимдин суммасы 2 миллион 641 миң 222 сом болгон.

Мындан тышкары, министрлик Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына объект боюнча каржылоону токтотуу өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Учурда курулуш иштеринин талаптарга ылайык аткарылышы жана сапаты министрликтин көзөмөлүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: