Садыр Жапаров спутник учурулгандан кийин кайрылуу кылды (видео)
Кечээ, 1-октябрда АКШнын Калифорния штатынан Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага учурулду.
Спутникти учуруу аземине өлкө башчы Садыр Жапаров катышканын президенттин администрациясы кабарлап, видео жарыялады.
"Бул тарыхый күн. Анткени Кыргыз мамлекетинин биринчи спутнигин космоско учурган күн. Мындан 2,5 жыл мурда менин атайын тапшырмам менен Бириккен Араб Эмираттары менен биргелешип спутник жасалып баштаган. Мына, быйыл 1-октябрда учурдук. Албетте муну учурууга жардам кылган SpaceX компаниясына акысын төлөдүк",- деди мамлекет башчы.
Президенттин айтымында, спутник аба ырайы, айыл чарба багытындагы маалыматтарга, мөңгүлөргө, жер кыртышына мониторинг кылат.
Садыр Жапаров спутник учурулгандан кийин кайрылуу кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















