АКШ аскерлерин 23 жылдан кийин Ирактан чыгарып кетти
АКШ менен Ирактын "Бекем чечим" аскердик операциясы расмий түрдө аяктады.
Бул тууралуу билдирүүнү Пентагондун басма сөз катчысы Шон Парнелл жарыялады. Операция 2014-жылы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн башталган.
"Коалициянын күчтөрүн жана техникаларын "Эрбил" авия базасынан иреттүү түрдө чыгарып кетүү аскердик миссиянын ийгиликтүү аяктагандыгын белгилейт. Бул миссиянын жүрүшүндө Иракта "Ислам мамлекети" талкаланды.
Операция АКШ менен Ирактын 2024- жылдын сентябрында биргелешкен билдирүүсүнө ылайык жана америкалык улутттук кызыкчылыктарды камсыз кылуу максатында аяктады",- деп билдирди Парнелл.
Америкалык аскерлер Иракта 2003-жылдан бери турган. 2007-жылы террорго каршы операциялар көбөйгөндө алардын саны 170 миң адамдан ашкан, андан кийин 2011-жылы кыскартылган. 2014-жылы террористтер менен күрөшүү үчүн контингент кайрадан көбөйтүлүп, 2021-жылга карата согушкерлер ээлеп турган аймактарын көзөмөлдөн чыгарган. Ошол убакта Иракта АКШнын 2,5 миң аскер кызматкери болгон.
2024-жылы АКШ менен Ирактын ортосунда америкалык аскерлерди өлкөдөн этап-этабы менен чыгаруу боюнча макулдашуу түзүлгөн. Ал эми 2026-жылдын июль айында АКШнын президенти Дональд Трамп Иракта америкалык аскер кызматкерлеринин мындан ары болушуна зарылдык жок экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















