Президент Кыргызстан мурда спутниктен маалыматтарды акы төлөп алып келгенин айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 1-октябрда өлкөнүн улуттук спутнигинин орбитага учурулушунан кийин кайрылуу жасады.
Мамлекет башчы өз сөзүндө Кыргызстан мурда спутниктен маалымат алыш үчүн башка өлкөлөргө көз каранды болуп келгенин айтты.
"Буга чейин спутнигибиз жок болгондуктан башка өлкөлөргө жалдырап, акчасын төлөп, аба ырайы, жер тууралуу маалымат алчубуз. Миллиарддаган сумма төлөчү элек. Эми, мындан ары андай көз карандылык болбойт. Биз эми өзүбүздүн жерди суткасына 1,5-2 сааттан изилдеп отуруп, 5-10 жылда ар бир метрине чейин иликтейбиз. Кайсы жердин кыртышы жакшы, каякта кен байлык бар экенин табабыз",- деди президент.
Президент Кыргызстан мурда спутниктен маалыматтарды акы төлөп алып келгенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















