Кара-Балта дарыясына 35 тонна дизель майы төгүлгөнү айтылууда (видео)
30-сентябрда Чүйдүн Жайыл районунда 35 тонна дизелдик май ташыган жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгы катталып, жер тилкеси жана Кара-Балта дарыясы мунайзат менен булганды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу тарап аныкталды.
"Окуя болгон жерден топурак менен суунун үлгүлөрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча жооптуу тарапка укуктук баа берилип, мыйзамда каралган чаралар көрүлөт. Ошондой эле жердин жана суунун булганышынан келтирилген экологиялык зыяндын өлчөмү эсептелип, аны өндүрүү боюнча талаптар коюлат",- деп белгиленди маалыматта.
Чүйдө дизелдик отундун төгүлүшү боюнча иликтөө жүрүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















