super.kg logo

Нарын жана Ысык-Көлдө мамкызматкерлерге кылмыш иши козголду

 
Ысык-Көл жана Нарында транспорттук көзөмөл кызматкерлерине карата эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, былтыр жана быйыл чет өлкөлүк компанияларга таандык жүк ташуучу унааларга мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен айып пулдар салынган. Мындан улам мамлекетке жалпы 16 миллион 29 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Натыйжада Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен эки кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: