Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 4-5-октябрда аба ырайы кескин өзгөрөт
4-октябрда түштөн кийин жана 5-октябрда өлкө аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге, Ысык-Көлдүн батыш тарабында 19-24 метрге жетиши мүмкүн.
5-6-октябрда абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо түнкүсүн -5 градуска чейин, бийик тоолуу аймактарда -10 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















