Чек арадан 1,3 миллион сомдук эсепке алынбаган товарлар аныкталды (видео)
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 миллион сомдук товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан эсепке алынбаган товарлар аныкталган. Айдоочу аталган товарларга тиешелүү эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана алардын сатып алынгандыгын тастыктаган башка документтерди көрсөткөн эмес.
Аныкталган товарлардын арасында уюлдук телефондор үчүн каптар, аэрозолдор, вулканизация тармагында колдонулуучу жабдуулар жана материалдар бар.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы 160 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, товарларды мыйзамсыз ташыгандыгы үчүн 300 миң сом айып пул каралган.
Чек арадан 1,3 миллион сомдук эсепке алынбаган товарлар аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















