super.kg logo

Сузак районунда жаңы курулуп жаткан медресенин экинчи кабаты урап, жабыркагандар облустук ооруканада дарыланышууда (тизме)

 

Сузак районундагы жаңы курулуп жаткан медресенин экинчи кабаты кулап, кырсыктан жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Жаракат алгандардын тизмесин 4-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.

Сузак аймактык ооруканасына жаткан адамдар:

-Юнусалиев И., 1967-жылы туулган;

-Абдырахманов М., 1966-жылы туулган;

-Карабаев Л., 1961-жылы туулган;

-Хамраев Н., 1981-жылы туулган;

-Жалаев Ш., 1980-жылы туулган;

-Мавлянов К., 1955-жылы туулган.

Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткандар:

-Умаралиев Р., 1960-жылы туулган;

-Юлдашев Б., 1969-жылы туулган.  

Эске сала кетсек, кечээ, 3-февралда Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан мечит-медресенин экинчи кабаты урап, 56 адам жабыркаган. Анда 1953-жылы туулган маркум Бактыяр ажы Ясынахуновго жаназа намазы окулуп жаткан. Ага 700дөй адам катышкан. Намаз окулуп бүтүп, элдер сыртка чыгып жаткан учурда мечит-медресенин экинчи кабатынын 42 чарчы метр жыгач полу көтөрө албай урап кеткен. Жабыркагандардын экөөсүнүн кыр арка сөөгү сынып кеткен. Учурда алар облустук ооруканага которулушту.Азыркы тапта окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.02.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах озу сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: