super.kg logo
  Спорт  

Роналду кеткен соң Португалия курамасынын Instagram баракчасы 9 миллион катталуучусун жоготту

 

Португалиянын футбол боюнча улуттук курамасынын расмий Instagram баракчасы Криштиану Роналду менен байланышкан окуядан кийин миллиондогон катталуучусун жоготту.

Буга чейин кураманын баракчасына 32,4 миллион адам катталган болсо, учурда бул көрсөткүч 23,5 миллионго түшкөн. Башкача айтканда, бир суткада болжол менен 8,9 миллион адам баракчадан чыккан.Катталуучулардын саны Роналду улуттук кураманын машыгуу лагеринен кеткенден кийин кескин азайган.

Роналду Instagram баракчасына Португалиянын футбол федерациясынын президенти менен сүйлөшкөндөн кийин кураманын лагеринен кетүү чечимин кабыл алганын жазды. Ал кетишинин себептерин кийинчерээк ачык айтып берерин билдирген.Айрым португалиялык басылмалар Роналдунун улуттук кураманын катарындагы карьерасын аяктоо ниети бар экенин билдиришкен. Бирок футболчунун улуттук курамадан биротоло кеткендиги азырынча расмий жарыялана элек.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: