super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-октябрь: Белгилүү ырчы Айдин Шер 37 жашка толду

 

Бүгүн, 2-октябрда кыргызстандык ырчы Айдин Шер 37 жашка толду. Ырчы бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Аны жакындары кызуу куттуктап жатышат.

Ырчы Кыргыз улуттук университетинин информациялык технологиялар факультетин аяктаган. Ошондой эле борбордогу "Аян-Арт" музыкалык мектебинде бир жарым жыл билим алган.

Айдин Шер "Тушалган махабат" ыры менен элге таанылып, репертуарында "Махабат - өмүр көркү", "Сүйүү мага келе элек", "Көлөкөм" сыяктуу ырлары менен белгилүү.

Белгилей кетсек, ырчы актёр катары да өзүн сынап келет. Учурда ал чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: