super.kg logo

Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун курулушу аяктап калды (видео)

 
Чүйдөгү Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун курулушу 99 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Аталган унаа жол мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда.
"Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей шаарыбыздын кире бериши да анын көркүн ачып, өнүгүүсүн көрсөтүп турушу керек. Бүгүнкү күндө аталган унаа жолдун курулушу 99 пайызга аяктады.
Мурда эки тилкелүү болгон жол эми 4 тилкелүү, заманбап жана ыңгайлуу жолго айланды. Мындан тышкары, негизги жолдун жанына кошумча тилке жол да курулду. Кечээтен тартып жолдун жарыктандыруу системасы да ишке берилди. Эми бул аймак түнкүсүн да жарык, коопсуз жана көрктүү болуп калды", - деди министр.





Лебединовка – ГЭС-5 автожолу курулушу аяктап калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: