super.kg logo

Садыр Жапаров: “Мындай стадиондон дагы онду курабыз”

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда жаңы курулган “Бишкек Арена” спорттук-оюн-зоок комплексинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, өлкөдө аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында, анын командасы бийликке келгенине туура алты жыл болду.

“Алты жыл ичинде экономикалык, ички жана тышкы саясат жагынан оор абалга кептелген өлкөнү оңдоп кеттик. Ушул убакыт аралыгында 1075 имарат курдук. Алардын бири – “Бишкек Арена”, - деди Жапаров.

Президент мындан тышкары өлкөдө 521 завод-фабрика курулганын белгилеп, Кыргызстан 2021-жылды 187 миллиард сом таза киреше менен жапканын кошумчалады.

Ошондой эле мамлекет башчы социалдык объектилерди куруу боюнча пландарга токтолду. Анын айтымында, 2027-жылдын ичинде 111 мектеп жана 44 райондук оорукана курулуп бүтүшү пландалууда.

“2028-жылы Кыргызстанда социалдык объектилер боюнча көйгөй болбойт. Буюрса, ушундай стадиондон дагы онду куруп, миңдеген спутниктерди учурабыз”, - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Жапаров сахнага Эминемдин "Lose Yourself" ырынын коштоосунда чыгып, сөз сүйлөдү.






Президент

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.10.2026. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашыкча стадиондордун эмне кереги бар? жаш үйбүлөлөргө келечеги узун шарттар түзүлсө жакшы болмок, айлык маяналар аз, тамак-аш продуктулар асман баага чыгып кетти, уурулук азайган жок, миграцияга тентип кеткен жаш Ата-энелердин туугандарына калып калган балдары кандай шартта күн кечирип жатканын көрсөңөр кана эми, алыскы райондордо медициналык жардам көрсөтүү акысы кымбат жана шарты начар бойдон калууда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: