Түркиянын жарандарына мыйзамсыз диплом жасап бергендиги үчүн НМУнун кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Нарын облусундагы УКМКнын кызматкерлери тарабынан Түркиянын 4 жаранына мыйзамсыз диплом берилгени үчүн Нарын мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Сабак жана мамлекеттик экзамендерди тапшыруу маалында күндүзгү бөлүмдө окуган Түркиянын жарандары Кыргызстандын аймагында болушкан эмес. Тергөө иштеринин жыйынтыгында Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу) менен кылмыш иши козголду.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.