super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысын камактан бошотуу талабы менен жергиликтүү жашоочулар митингге чыгышты

 

Бүгүн, 18-декабрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Кужур айылынын тургундары облустук администрациянын алдында митинг уюштурушту. Алардын талабы: аталган айылда айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Курманбек Алиевди мыйзамсыз камоодон куткаруу. Айта кетсек, кечээ, 17-декабрда кечинде Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Алиевди укук коргоо кызматкерлери айылдык советтик чарбаны (совхоз) мыйзамсыз таратып жиберген деген айып менен кармап кетишкен. Митингге чыккандардын айтымында, 1996-жылы айылдагы советтик чарба таркай турган болгондо айыл тургундары малдын асыл тукумдуулугун жана төлүн өстүрүү максатында аны жоюп жибербей сактап калышкан. Ал үчүн атайын жетекчи шайлап, бирок уюшулган советтик чарба элдин талабындагы иш алып барбай, жетекчилери алмаша бергендиктен, 2010-жылдын 7-апрелинде Чолиев Салимбек аттуу киши аталган чарбаны жетектеп турганда айыл тургундары үлүштөгү малдарын бөлүп алышкан. "Ал учурда Курманбек Алиев айыл өкмөт башчысы эмес болчу" дешет чогулгандар. Учурда Курманбек Алиев Нарын шаардык милиция бөлүмүндө отурат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: