10-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет
10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чектөө Ала-Тоо аянтына жакын төмөнкү кесилиштерде киргизилет:
- Чүй проспекти – Эркиндик бульвары;
- Чүй проспекти – Панфилов көчөсү;
- Панфилов – Пушкин көчөлөрү;
- Панфилов – Абдумомунов көчөлөрү;
- Фрунзе – Орозбеков көчөлөрү;
- Фрунзе – Раззаков көчөлөрү;
- Эркиндик бульвары – Абдумомунов көчөсү.
Мекеме айдоочуларга каттамын алдын ала пландап, башка жолдорду пайдалануу сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:25
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















