Борбор Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү сунушталды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышты.
Мамлекет башчысы жыйында сөз сүйлөп, аймактагы өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарына токтолду.
Президент өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында өз ара пайдалуу конкреттүү долбоорлорду аныктоону, анда катышуучуларды, каржылоо булактарын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүүнү сунуштады.
Ошондой эле өлкө башчы электрондук сооданы өнүктүрүүнү белгиледи.
Практикалык кадам катары бизнес өкүлдөрүнүн жана керектөөчүлөрдүн аймактык продукцияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү жана аны илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү шарттаган Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү сунушталды.
Садыр Жапаров белгилегендей, электрондук сооданы өнүктүрүү жеткирүү, кампада сактоо, бажылык тариздөө жана товарларга көз салууну камтыган тиешелүү логистикалык инфраструктураны түзүү менен коштолууга тийиш. Кыргыз тарап бул демилгени ишке ашыруу үчүн Жогорку технологиялар паркынын адистеринин потенциалын пайдаланууга даяр.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















