super.kg logo

АКШда 1945-жылдан бери биринчи жолу аскер кызматкери атылат

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Форт-Худ аскердик базасында 13 адамды өлтүргөн мурдагы аскер кызматкери Нидаль Малик Хасанды өлүм жазасына тартуу сунушун жактырды.

Чет элдик басылмалар маалымдагандай, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Хасанды атып өлтүрүү жолу менен жазалоону сунуштаган. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Шон Парнелл X социалдык тармагына жазды.Эскерте кетсек, 2009-жылы Нидаль Малик Хасан Форт-Худ базасында кызматташтарына ок чыгарып, 13 адамды өлтүрүп, дагы 32 адамды жарадар кылган. Ал учурда аскер кызматкерлери Ооганстанга жөнөтүлүүгө даярданып жатышкан. Хасан сотто өз дининдеги адамдарды коргоону каалаганын билдирген. Ага 2013-жылы өлүм жазасы өкүмү чыгарылган.

Эгер өкүм аткарылса, АКШда 1961-жылдан бери аскер кызматкерине карата биринчи жолу өлүм жазасы колдонулат. Ал эми атып өлтүрүү жолу менен жазалоо 1945-жылдан бери биринчи жолу ишке ашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: