Кыргызстан менен Кореянын инвестициялык кызматташтыгы талкууланды
8-октябрда тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже менен жолугушуу өткөрдү.
Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Жолугушууда корей инвестицияларын тартууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, өндүрүштөрдү локалдаштырууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап кореялык компаниялардын ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышуусуна кызыкдар экендигин билдирип, Кыргызстандагы кореялык инвесторлорду коштоо механизмин күчөтүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-корей экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















