V Пара Азия оюндарына Кыргызстандан 21 спортчу катышат
Бүгүн, 9-октябрда Япониядагы V Пара Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасына мамлекеттик туу тапшырылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, тууну агенттиктин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу курама команданын капитаны, пара жеңил атлетика боюнча спортчу Дастан Камчыбековго тапшырды. Иш-чарада спортчулардын эрки, өжөрлүгү жана талыкпаган эмгеги белгиленип, аларга мелдеште ийгилик кааланды.
Белгилей кетсек, V Пара Азия оюндары 18-24-октябрь күндөрү Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтөт. Мелдешке Кыргызстандын атынан спорттун жети түрү боюнча 21 спортчу катышары, жалпы делегациянын курамында 48 адам бар экендиги белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















