Балдарга кооптуу товарларды саткандарга айып салуу сунушталды
Өлкөдө мектеп, бала бакча жана аларга чектеш аймактарда 14 жашка чейинки балдарга кооптуу жана тиешелүү документтери жок товарларды саткандарга айып пул салуу сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоору 9-октябрда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоор балдардын ден соолугун коргоону күчөтүү, билим берүү уюмдарында жана аларга чектеш аймактарда балдар үчүн арналган товарларды сатууга мамлекеттик көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Документке ылайык, талаптарды бузган жеке жактарга 20 миң, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул каралат.
Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутату Медер Чотонов демилгелеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















