super.kg logo

Алайдын тургуну Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

 

Оштун Алай районунун тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал окуучу баласы мугалим тарабынан ыдык көргөнүн, кийинчерээк мугалим каза болуп, бул ишке бир туугандары айыпталып жатканын айтат.

Анын айтымында, мугалим окуучуну WhatsApp аркылуу жолугушууга чакырып, сексуалдык аракеттерди жасаган.

"Баламга ал жазып келген. Балам үйдөгүлөргө билдирбей класс жетекчисине жана аймактык милицияга кайрылган. Бирок эч кандай аракет көрүшкөн эмес. Баламды унаасына салып, айылдын четине алып чыккан. Ушул учурда мектеп завучу иниме чалган. Иним менен агам арытанан милиция кызматкерлери менен бирге барып, унаадан кармашкан. Бирок бир туугандарым арыз жазышкан эмес.

Эртеси агам анын айылда жүргөнүн угуп, мугалимге барган. Ал болсо милицияга кете турганын айткан. Агам ага эч кандай күч колдонгон эмес. Төрт күндөн кийин мугалим каза болгон. Анын өлүмүнө менин бир туугандарымды күнөөлөп жатышат. Ак жеринен бир туугандарым күнөөлөнүп жатышат. Учурда агам ооруканада. Мен муну өз көзөмөлүңүзгө алууну өтүнөм", - дейт ал.






Алайдын тургуну Садыр Жапаровго кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: