Садыр Жапаров чек ара чечилгени менен, айрым маселелер калганын айтты
Бүгүн, 11-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Баткендин Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын калкы менен жолугушуу өткөрүп, чек ара маселесине токтолду.
Анда мамлекет башчысы айрым маселелерди атайын түзүлгөн комиссия карай турганын белгиледи.
Садыр Жапаров мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштери да аяктаганын баса белгиледи:
"Эми айрым маселелер гана калды. Алардын катарына чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөргө, чек ара тосмолорун орнотуу учурунда бузулган объектилер үчүн кенемте берүү, ошондой эле чек араны тактоо процессинде коңшу мамлекет өткөрүп берген үйлөрдү бөлүштүрүү маселелери кирет. Бул маселелер министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген комиссиянын кароосуна берилет", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















