super.kg logo

Алма импорттоого убактылуу чектөө киргизүү сунушталды

 

Өлкөгө башка мамлекеттерден алма ташып киргизүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү сунушталууда. Тиешелүү документти Айыл чарба министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Анда мындай чара ата мекендик багбандарды колдоо үчүн керек экени айтылат. Мнистрлик өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты 26 миң 324 гектарды түзөрүн белгилеген.

"Быйыл алманын түшүмүн жыйноонун болжолдуу көлөмү 179 миң 393 тоннаны түзөт. Өндүрүлгөн продукция ички керектөөгө, өнөр жайлык кайра иштетүүгө жана тышкы рынокторго жеткирүүгө багытталат.

Алма өндүрүү сезондук мүнөзгө ээ. Түшүмдүн негизги бөлүгү жыйноо мезгилинде рынокко түшөт, ал эми аны сатуу кийинки айларда да улантылат. Продукцияны өз убагында сатуу багбанчылык чарбаларына өндүрүштүк чыгымдарын жабууга, бактарды багууга жана кийинки сезонго даярдык көрүүгө каражат бөлүүгө мүмкүндүк берет.

2024-жылы алманын импорту 14 090,58 тоннаны, ал эми 2025-жылы 2960,36 тоннаны түзгөн. 2026-жылдын январь–август айларында 6438,9 тонна алма импорттолгон, бул 2025-жылдагы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп", - деп жазылган документтин маалымкат-негиздемесинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: