Садыр Жапаров бийликтин негизги максаты, милдети тууралуу кеп кылды
Өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттин негизги максаты аймактарды бюджеттен бөлүнгөн акчага көз каранды кылбоо экенин билдирди.
"Биздин негизги максатыбыз - аймактарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды кылбастан, жер-жерлерде өндүрүштү, ишкердикти, сооданы, айыл чарбасын жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү аркылуу өз кирешелерин көбөйтүү", - деди президент бүгүн, 11-октябрда Баткен эли менен болгон жолугушууда.
Садыр Жапаров өлкөдө экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалы түптөлүп, социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып, алдыдагы мамлекеттин алдыдагы милдетине токтолду.
"Темир жол транспорту жана энергетика тармактарында ири долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында — жетишилген натыйжаларды ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жакшыртууга багыттоо, Кыргызстандын алдыдагы ондогон жылдарга туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет куруу милдети турат", - деп кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















