Садыр Жапаров Баткен эли менен жолуккандан кийин маморгандарга тапшырма койду
Өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары көтөргөн көйгөйлөрдү ар тараптуу кароону тапшырды.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, бүгүн, 11-октябрда мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда Баткен эли бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүшкөн.
"Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, транспорттук-логистикалык системин өркүндөтүү, жолдорду куруу, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана башка актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча суроолор көтөрүлдү. Мамлекет башчысы бардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана белгиленген пландардын аткарылышына туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мамлекеттик бийлик органдарынын жарандар үчүн ачык жана жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров жарандардын ар бир кайрылуусу кылдат каралып гана тим болбостон, белгиленген мөөнөттөрдө конкреттүү чечимдер чыгарылышы керектигин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















