Садыр Жапаров: "Күч түзүмдөрү "бөрк ал десе, баш алышкан"
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Лейлек эли менен болгон жолугушуусунда "Баткен таңы" гезитинин редактору алардын имаратын мамлекет быйыл февраль айында тартып алганын айтып чыкты.
Ал 2010-жылы 400 чарчы метр имарат мамлекеттен 2 жарым миллионго сатып алынганын белгиледи. Садыр Жапров эгер бул чындык боло турган болсо, имаратты кайтарып берүү тапшырмасын койду.
"Мурда күч органдарына мыйзамсыз менчиктештирилген имараттары кайтаруу тапшырмасы коюлганда, алар "бөрк ал десе, баш алышкан" учур болгон. 2010-жылы 2 жарым миллион сом өтө чоң акча болчу. Биз убагында болор болбос акча менчиктештирилип кеткен заводдорду, бала бакчаларды кайтаруу тапшырмасын койгонбуз.
Чоң заводдорду 150 сом төлөп алып алгандар болгон. Ошолорду айтканбыз", - деди президент.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















