Кыргызстан Сауд Арабиясындагы аэропортко жасалган чабуулду айыптады
Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында жайгашкан "Падыша Халид" атындагы эл аралык аэропортко жасалган чабуулду айыптайт.
Министрлик Кыргызстан жарандык жана авиациялык инфраструктура объекттерине кол салууларды эл аралык укуктун ченемдерин одоно бузуу жана эл аралык жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч келтирүү катары баалай турганын билдирди.
"Мындай аракеттер кырдаалдын кооптуу түрдө курчушуна алып келип, Жакынкы Чыгыш аймагында туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылуу боюнча аракеттерге доо кетирет.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Сауд Арабиясынын жетекчилигине жана элине, бул окуянын кесепетинен жарандары жабыр тарткан мамлекеттерге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Бардык тараптарды сабырдуулукка жана кырдаалдын мындан ары туруксуздашуусуна алып келе турган аскердик аракеттерден баш тартууга чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, хуситтер тарабынан жасалган чабуулдан улам аба майда 12 адам каза тапкан.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















