super.kg logo

Трамп 8 Нобель сыйлыгына татыктуу экенин билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Нобель тынчтык сыйлыгынын Норвегиялык комитетин катуу сындап, быйылкы сыйлык ага эмес, түштүк африкалык укук коргоочу Нави Пиллэйге берилгенине нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу NBC News телеканалы билдирет.

Трамптын айтымында, ал түрдүү аскердик жаңжалдарды жана кагылышууларды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн кеминде 8 Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. "Америка Кошмо Штаттары менин өкүлчүлүгүмдө Нобель тынчтык сыйлыгын алышы керек болчу, бирок алган жок. Бул - Норвегия үчүн өчпөс так",- деди ал.Ал комитеттин бул чечимин "уят көрүнүш" деп атап, Нобель тынчтык сыйлыгы эми "түбөлүккө кадыр-баркын жоготту" деп кошумчалады. Ошондой эле Трамп быйылкы лауреат Нави Пиллэй тууралуу буга чейин эч качан укпаганын белгиледи.

Эске салсак, 9-октябрда Нобель комитети 2008-2014-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары болуп иштеген Нави Пиллэйди лауреат катары жарыялаган. Ал сыйлыкка "тынчтыкты жана эл аралык укукту чыңдоого кошкон эбегейсиз салымы үчүн" татыктуу деп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: