Баткенде көйгөйлөрүн айтканы чыккан аксакал президентти жылмайтты (видео)
Өлкө башчы Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен районунун жана Баткен шаарыныны тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда Көк-Таш айылынын тургуну элетке спорт комплексин куруу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча маселелерди айтты.
"Биринчи курултайда бизге мектеп, бала бакча, жол да керек эмес деп айтып чыккам. Тынчтык эле керек деп. Эми ошол убакытта эч нерсе керек эмес эле. Азыр тынчтык болгондо бизге керек болуп жатат",- деп аксакал көпчүлүктү жылмайтты.
Тургундун айтымында, айылда спорт комплекси жок жана мектепке жашыл аянтча куруу зарыл.
"Сугат суу боюнча, мындан 4-5 жыл мурда элге 250 кожолуктан жогору жер бөлүнүп берилген. Суу чыга элек. Насостук станция курулган, бирок ал иштебейт. Анткени каналдын ичине курулуп калган. Ошону башка жерге көчүрүп, элге суу берсе, 250 кожолук жашоо-турмушун жакшыртып кетет эле",- деди ал.
Баткенде аксакал президентти жылмайтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















