Президент этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин тездетүүнү тапшырды (видео)
Өзбекстандан келген этникалык кыргыз, Баткендин Кара-Бак айылынын 27 жаштагы тургуну Кыргыз жарандыгын жана паспорт ала албай жатканын айтып президентке кайрылды.
Айтымында, ал 2012-жылы үй-бүлөсү менен Өзбекстандан көчүп келген.
"Азыркы учурда Кыргыз жарандыгын жана паспорт ала албай келем. 4 балам бар. Алардын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок. Жолдошум Кыргыз жараны",- деди ал.
Президент тиешелүү жетекчилерге кайрылып, этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин тездетүүнү тапшырды.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен районунун тургундары менен жолугушуп, жеринде көйгөйлөрдү укту.
Президент этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин тездетүүнү тапшырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:42
2026-10-12
15:22
2026-10-12
11:08
2026-10-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















