«Керемет достук. 3-сезон». Каттоо башталды
Бир күнү сиздин "коңшу" классыңыз башка өлкөнүн окуучулары болуп калсачы?
1-октябрда Евразиянын ар кайсы аймактарындагы жана өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларын бириктирген эл аралык долбоордун жаңы сезону башталат. Катышуучулар башка өлкөнүн окуучулары менен таанышып, бири-бири жөнүндө көбүрөөк маалымат алышып, чоң долбоорго чейин чогуу болушат.
Аларды эмне күтөт?
- башка өлкөнүн окуучулары менен таанышуу;
- лекциялар жана жекече тапшырмалар;
- биргелешкен сыноолор жана долбоорлор;
- бири-биринин маданияты жана каада-салты менен таанышуу;
- жеңиш үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгү.
Кимдер катыша алат?
5-класстан 12-класска чейинки окуучулар жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуган 10 жаштан 17 жашка чейинки жаштар катыша алышат. Ал эми жеңүүчү класстар үчүн «Балалык аймагы» («Территория детства») аттуу атайын программага катышуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Каттоо мөөнөтү: 1-октябрдан 25-октябрга чейин.
Классыңар менен биригип, Евразиянын ар кайсы бурчунан келген теңтуштарыңар менен таанышып, чогуу жаңы нерселерди жараткыла!
Толук маалымат жана катталуу шилтемеде.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















