"Яндекстин" Орусиядагы кеңсесине чабуул болуп айрым кызматтар иштебей калды
Орусияда "Яндекстин" дата-борборлоруна жасалган чабуулдардан кийин компаниянын жана башка онлайн-платформалардын ишинде мүчүлүштүктөр жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 11-октябрга караган түнү Владимир шаарындагы дата-борборго украиналык дрондор менен чабуул жасалды. Натыйжада "Яндекс Такси", "Яндекс Почта", "Кинопоиск" жана башка сервистердин иши үзгүлтүккө учурады. Мындай көйгөйлөр Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларус жана Арменияны кошкондо кеминде алты өлкөгө таасир этти.
"Яндекс" компаниясы сервистери акырындап калыбына келип жатканын билдирүүдө. Бирок айрым функциялар азырынча жеткиликсиз бойдон калып жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2026-10-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















