Шакиранын концерти өлкөгө 30 миллион доллар киреше алып келиши мүмкүн (видео)
Колумбиялык ырчы Шакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына 30 миллион доллар киреше алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 11-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, "Бишкек Аренага" 60 миңдей адам келет деп күтүлүүдө. Алардын ичинен 30 миңи чет өлкөдөн келген туристтер болот.
"Ар бир чет өлкөлүк жаран билет, жатакана, транспорт жана башка чыгымдарына болжол менен 940 доллар коротот. Шакиранын концертине келе турган 30 миң чет өлкөлүк турист бир күндө 30 миллион долларга жакын каражат сарптайт. Бул өлкөнүн экономикасына чоң пайда алып келет",- деди ал.
Ошондой эле 5-7 жылдын ичинде "Бишкек Арена" спорт комплекси толук өзүн-өзү актай турганын айтты.
"Көптөр "стадиондун ордуна завод жана башка объекттер курулса болмок" деп жатышат. Эгерде "Бишкек Аренада" жыл сайын 15-20 чоң иш-чара өткөрсөк, 5-7 жылда арена өзүн-өзү толук актайт",- деп билдирди Кубатов.
Шакиранын концерти өлкөгө 30 миллион доллар киреше алып келиши мүмкүн
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















