Ичинде 305 мигрант бар кайык оодарылып кеткен (видео)
Ичинде 305 мигранты бар кайык Йеменге бараткан жолдо Жибутинин жээгинде оодарылып кеткен. Бул тууралуу БУУнун миграция боюнча эл аралык уюмуна шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
БУУнун маалыматы боюнча, кеминде 139 адам каза болду. Алардын ичинде 15 жашы жете элек балдар бар жана дагы 87си дайынсыз жоголду. Бул кайык Жибутиден Йеменге чыккан жолдо Обоктун түндүгүндөгү Гехере аймагында чөгүп кеткен. Бул Чыгыш багытындагы эң көп курмандыктарга алып келген кеме кырсыктарынын бири болуп калганын уюм билдирди.
МЭУ Обок шаарындагы Миграциялык кырдаалдарга чара көрүү борборунда жабыркагандарга тез жардам кызматы, психосоциалдык колдоо, тамак-аш, баш калкалоочу жай жана коргоо кызматтары көрсөтүлүүдө.
Миграция уюмунун маалыматы боюнча, мигранттар кийинчерээк Перс булуңундагы башка өлкөлөргө өтүү үмүтү менен Йеменге багыт алышкан. Ошол эле учурда Сауд Арабиясы колдогон өкмөттүк күчтөр менен Иран колдогон хуситтердин ортосундагы согуштук аракеттердин олуттуу курчушу маалында Йемендин өзүнүн тургундары өлкөдөн чыгып кетүүнү улантышууда.
Буга чейин Сауд Арабиясындагы аэропортторду аткылоодон кийин Эр-Рияд жетектеген хуситтерге каршы араб коалициясы Йеменде бул кыймылга каршы ири масштабдуу операция жүргүзүп жатканын жарыялаган.
Ичинде 305 мигрант бар кайык оодарылып кеткен
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2026-10-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















