Сокулукта кант кызылчасын жыйноого заманбап техникалар колдонулууда (видео)
Сокулук районундагы "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунда" кант кызылчасын өстүрүү жана жыйноо иштеринде заманбап айыл чарба техникалары колдонулууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл чарбада кант кызылчасы биринчи жолу пилоттук негизде 10 гектар жерге айдалган. Германиядан жана Франциядан алынып келинген эки сорттогу үрөн себилип, алгачкы баалоо боюнча өсүмдүктүн абалы жакшы.
Чарба 2025-жылы Беларустан кант кызылчасын жыйноочу атайын техникаларды алганы белгилүү болду. Алар кызылчанын жалбырагын кесип, тамырын жерден казып алат.
Сокулукта кант кызылчасын жыйноого заманбап техникалар колдонулууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















