super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен ачык диалог өткөрдү

 

Бүгүн, 12-октябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусунда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө тургундар мамлекет башчысына жеке маселелерине жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу өздөрүн түйшөлткөн суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо объекттерин капиталдык оңдоодон өткөрүү, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тургундар турак жай менен камсыз кылуу, жер тилкелерин бөлүп берүү, жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле чечүүнү талап кылган башка актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү",- деп белгиленди маалыматта.

Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү, тургундардын кайрылууларын өз убагында кароону жана өз компетенцияларынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алууну тапшырды






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: