super.kg logo

Пакистанда Имран Хандын тарапташтары митингге чыккан аймакта өзгөчө кырдаал киргизилди (видео)

 

Кечээ, 11-октябрда Пакистан бийлиги мурдагы премьер-министр Имран Хандын тарапташтары нааразычылык акцияларын өткөрүп жаткан Хайбер-Пахтунхва провинциясында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, 4-октябрда Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хандын тарапташтары аны абактан бошотууну талап кылып, Исламабадды көздөй жүрүш баштаган. Буга байланыштуу федералдык өкмөт чукул жыйын өткөрүп, провинцияда өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин кабыл алды. Бийлик провинциянын бийлигин терроризмге каршы күрөшкө жетиштүү деңгээлде катышпай жатат деп айыптады.

Эске салсак, Имран Хан 2018-2022-жылдары Пакистандын премьер-министри болгон. Ал 2023-жылдын августунан бери камакта.






Пакистанда Имран Хандын тарапташтары нааразылык билдирген аймакта өзгөчө кырдаал киргизилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: