Садыр Жапаров чек арачыларды колдоо үчүн 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди
Чек арачыларды колдоого 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда президент Садыр Жапаров Ош шаарында 2024-аскер бөлүгүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн аскердик комплексинин ачылышында билдирди.
Мамлкет башчысы бөлүнгөн каражат ар бир аскер кызматкерине толук жана адилеттүү жеткирилиши керектигин белгиледи.
“Мамлекеттик чек араны кайтарып, мекен үчүн өтө жооптуу милдетти татыктуу аткарып келе жаткан ар бир аскер кызматчысынын эмгегин жогору баалап, аларды колдоо жана сыйлоо максатында 30 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүп бердим. Бөлүнгөн каражат ар бир аскер кызматчысына тиешелүү тартипте толук жана адилеттүү жеткирилсин”,- деди мамлекет башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:42
2026-10-12
15:22
2026-10-12
11:45
2026-10-12
11:08
2026-10-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















